ИМЕЮТСЯ ПРОТИВОПОКАЗАНИЯ. НЕОБХОДИМО ОЗНАКОМИТЬСЯ С ИНСТРУКЦИЕЙ ПО ПРИМЕНЕНИЮ ИЛИ ПОЛУЧИТЬ КОНСУЛЬТАЦИЮ СПЕЦИАЛИСТА

Полиоксидоний® Детям

Для лечения и профилактики респираторных вирусных инфекций
Полиоксидоний® - победитель в номинации “Препарат выбора для лечения и профилактики ОРВИ и гриппа у детей” по версии Russian Pharma Awards 2018
Полиоксидоний® детям от 3 лет

ДАРЫНЫ МЕДИЦИНАДА КОЛДОНУУ БОЮНЧА НУСКАМА

Соодадагы аталышы: Полиоксидоний®
Эл аралык патенттелбеген аталышы: Азоксимер бромиди (Аzoximeri bromidum)
Дарынын түрү: Таблеткалар
Бир таблетка курамында:
Активдүү зат: Азоксимер бромиди – 12 мг;
Көмөкчү заттар: маннитол – 3,6 мг, повидон – 2,4 мг, лактоза моногидраты – 185,0 мг, картошка крахмалы – 45,0 мг, стеарин кислотасы – 2,0 мг.
Сүрөттөмөсү: Ак түстөгү же саргыч түспөлдүү ак түстөгү жалпак цилиндрлүү тегерек таблеткалар, бир тарабында – экиге бөлүүчү сызыгы жана кырбычасы бар, башка тарабында «ПО» белгиси басылган.
Фармадарылык тобу: иммунду жөнгө салуучу (модуляциялоочу) каражат
АТХ коду: [L0З]

Фармакодинамикасы

Азоксимер бромиди комплекстүү таасири бар: иммунду модуляциялоочу, дезинтоксикациялык, антиаксиданттык, орто сезгенүүгө каршы таасири бар.

Азоксимер бромиддин негизги механизми фагациттөөчү клеткаларга түз таасир бергендиги жана табыгый кыргычтарды (киллерлер), ошондой эле антигенге каршы заттардын жаралышына, интерферон-альфа жана интерферон-гамма синтезине түрткү берет. Азоксимер бромиддин дезинтоксикациялык жана антиаксиданттык касиеттери негизинен дарынын түзүмдөрү жана жогорку молекулярдык түзүлүшү менен аныкталат.

Азоксимер бромид организмдин резистенттүүлүгүн локалдуу жана генералдашкан инфекциялар бактериялык, грибоктук жана вирустук этиологиясына карата жогорулатат.

Кайталанма иммуну кем абалда ар кандай инфекцияларда, жаракат алганда, хирургиялык операциялардан кийин оору оордошкондо иммунитетти калыбына келтирет.

Азоксимер бромиддин мүнөздүү өзгөчөлүгү, жеринде (сублингвалдык) колдонгондо организмдин инфекцияга каршы алгачкы коргоону активтештирет: дары нейтрофилдердин, макрофагдардын бактерициддик касиеттерин стимулдайт, алардын бактерияларды жок кылуу жөндөмдүүлүгүн күчөтөт, шилекей жана жогорку дем алуу жолдорунун былжырлуу катмарынын бактерициддик касиетин жогорулатат.

Ичип колдонууда Азоксимер бромид ичеги бездериндеги лимфоиддик клеткаларды да активдештирет.

Азоксимер бромиди эрүүчү уулу заттарды жана микробөлүкчөлөрдү тосот, денедеги уу заттарды, оор темирлердин тузун чыгаруучу таасирге ээ, май кычкылдарынын кычкылданышына, эркин радикалдарды кармоого байланыштуу, жана да, каталитикалык активдүү иондорду Fe2+ четтетүү менен таасир берет. Азоксимер бромиди цитокиндердин про- жана сезгенүүгө каршы синтезделишин нормалдаштыруусу менен сезгенүү реакциясын азайтат.

Азоксимер бромид жакшы көтөрүмдүү, митогендик, поликлоналдык активдүүлүккө ээ эмес, антигендик касиеттери жок, аллергиялык, мутагендик, эмбриотоксикалык, тератогендик жана канцерогендик таасирлери жок.

Азоксимер бромид жыты жана даамы жок, мурун жана ооздун былжырлуу катмарына койгондо жеринде дүүлүктүрүүчү таасир бербейт.

Фармакокинетикасы

Азоксимер бромидин ичип кабыл алгандан кийин АИЖнан тез сиңирилет, дарыны ичип колдонгондо биожеткилитүүлүгү 70 % дан жогору. Кан плазмасында жогорку концентрацияга дарыны кабыл алгандан кийин 3 саатта жетет. Азоксимер бромиддин фармакокинетикасы сызыктуу (кан плазмадагы концентрациясы кабыл алган дозага пропорцианалду).

Азоксимер бромид гидрофилдик туташтыруучу болуп саналат. Бөлүштүрүүнүн ачык көлөмү болжол менен 0,5 л/кг түзөт, бул негизинен дары клеткалар арасындагы суюктуктарга бөлүштүрүлгөндүгүн билдирет. Жарым-жартылай бөлүштүрүү мезгили – 35 мүнөт, жарым-жартылай ажыроо мезгили – 18 саат.

Азоксимер бромиди организмдин бүт органдарына жана ткандарына тез бөлүштүрүлүнөт, гематоэнцефалитикалык жана гематоофтальмиялык тосмолор аркылуу кирет. Кумулятивдик эффекти жок. Азоксимер бромид денеде төмөнкү молекулярдык олигомерлерге чейин биодеструкцияга кабылат, алар көбүнчө бөйрөк аркылуу бөлүнүп чыгат, фекалиялар менен – 3 % дан көп эмес.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Чоңдордун жана 3 айдан жогору балдардын курч жана өнөкөт респиратордук дарттарын, дарт күчөгөн жана ремиссия стадиясында колдонулат.

Дарылоо үчүн (комплекстүү дарылоодо):

  • ооз, мурун көңдөйүнүн, жогорку жана төмөнкү дем алуу жолдорунун, ички жана ортоңку кулактын курч жана өнөкөт кайталанма инфекциялык – сезгенме дарттардын күчөгөн стадиясында;
  • аллергиялык оорулар (алардын ичинде поллиноз, бронхиалдык астма), бактериалдык, грибоктук жана вирустук инфекциялар менен күчөгөн дарттар.

Алдын алуу үчүн (монотерапия):

  • ооз жана мурундун кайталанма герпетик инфекциялары;
  • ооз, мурун көңдөйүнүн, жогорку жана төмөнкү дем алуу жолдорунун, ички жана ортоңку кулактын өнөкөт борбор инфекциялардын күчөшү;
  • экинчи иммундук жетишсиздик абал, картаюунун же жагымсыз факторлордун таасирине байланыштуу болгон.

Каршы көрсөтмөлөр

  • жеке жогорку сезгичтик;
  • кош бойлуулук, эмчек эмизүү мезгили;
  • бала курак 3 жашка чейин;
  • курч бөйрөк алсыздыгы;
  • сейрек куума лактоза көтөрүмсүздүгү, лактоза жетишсиздиги, глюкоза-галактоздук мальабсорбция синдрому.

Этияттык менен

Эгерде Сизде бул бөлүктөгү дарт болсо, дарыны колдонуудан башта дарыгерге кайрылыңыз:

  • өнөкөт бөйрөк алсыздыгы (жумасына 2 жолудан көп эмес колдонулат)

Кош бойлуулукта жана эмчек эмизүү мезгилинде колдонуу

Кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдарга Полиоксидоний® дарысы колдонулбайт (клиникалык колдонуу тажрыйбасы жок).

Полиоксидоний® дарысын жаныбарларга жүргүзүлгөн эксперименталдык изилдөөдө жаныбарлардын эмбриотоксикалык жана тератогендин таасири, түйүлдүктүн өсүшүнө таасири белгиленген эмес.

Эгерде Сиз кош бойлуу болсоңуз, же кош бойлуу болгуңуз келсе, же кош бойлуу болууну пландаштырсаңыз Полиоксидоний® дарысын колдонуудан мурун, дарыгер менен кеңешүү зарыл.

Эмчек эмизген мезгилде, Полиоксидоний® дарысын колдонуудан мурун, дарыгер менен кеңешүү зарыл.

Колдонуу жолу жана дозалар

Дарыны нускамадагы көрсөтмөлөргө ылайык, көрсөтүлгөн тартипте жана дозада гана колдонуңуз.

Эгерде дарылануудан кийин эч кандай жакшыртуу болбосо, же симптомдору татаалданса, же жаңы белгилер пайда болсо, дарыгерге кайрылуу зарыл.

Пероралдык жана сублингвалдык күндө тамакка чейин 20-30 мүнөт мурун суткасына 2 жолудан: 10 жаштан жогору балдарга жана чоңдорго – 1 таблеткадан, 3 жаштан 10 жашка чейин балдарга - ½ таблеткадан (6 мг).

Керек болгон учурда дарылоо курсу 3-4 айдан кийин кайталанат.

Кайталап дайындалганда дарынын натыйжалуулугу төмөндөбөйт.

Дарыны колдонууга карата сунушталган схема

Сублингвалдык:

Чоңдорду дарылоо үчүн:

  • сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялар – күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;
  • ооздун сезгенүү процесстеринде - күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 10 күн бою;
  • жогорку дем алуу жолдорунда, мурун көңдөйүндө өнөкөт оору күчөгөндө, өнөкөт отитте - күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 10 күн бою;
  • аллергиялык ооруларда (анын ичинде поллиноз, бронхиалдык астма), бактериалдык, грибоктук жана вирустук кайталанма инфекциялар менен күчөгөн – күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 10 күн бою;

3 жаштан 10 жашка чейин балдарды дарылоо үчүн:

  • сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялар – күнүнө ½ таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;
  • ооздун сезгенүү процесстеринде - күнүнө ½ таблеткадан 2 жолу 10 күн бою;
  • аллергиялык ооруларда (анын ичинде поллиноз, бронхиалдык астма), бактериалдык, грибоктук жана вирустук инфекциялар менен күчөгөн - күнүнө ½ таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;

10 жаштан жогору балдарды дарылоо үчүн:

  • сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялар – күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;
  • ооздун сезгенүү процесстеринде - күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;
  • жогорку дем алуу жолдорунда, мурун көңдөйүндө өнөкөт оору күчөгөндө, өнөкөт отитте - күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;
  • аллергиялык ооруларда (анын ичинде поллиноз, бронхиалдык астма), бактериалдык, грибоктук жана вирустук кайталанма инфекциялар менен күчөгөн - күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;

Чоңдорго алдын алуу үчүн:

  • сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялар эпидемиялык мезгил алдында – күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 10 күн бою;
  • мурун жана ооз аймагында кайталанма герпетик инфекциялар - күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 10 күн бою;
  • ооз, мурун көңдөйүнүн, жогорку дем алуу жолдорунун, ички жана ортоңку кулактын өнөкөт борбор инфекциялардын күчөшү - күнүнө 1 таблеткадан бир жолу 10 күн бою;
  • экинчи иммундук жетишсиздик абал, картаюунун же жагымсыз факторлордун таасирине байланыштуу болгон - күнүнө 1 таблеткадан 1 жолу 10 күн бою;

3 жаштан 10 жашка чейин балдарды алдын алуу үчүн:

  • сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялар эпидемиялык мезгил алдында – күнүнө ½ таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;
  • мурун жана ооз аймагында кайталанма герпетик инфекциялар - күнүнө ½ таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;
  • ооз, мурун көңдөйүнүн, жогорку дем алуу жолдорунун, ички жана ортоңку кулакта өнөкөт борбор инфекциялардын күчөшү - күнүнө ½ таблеткадан бир жолу 7 күн бою;

10 жаштан жогору балдарды алдын алуу үчүн:

  • сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялар эпидемиялык мезгил алдында – күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;
  • мурун жана ооз аймагында кайталанма герпетик инфекциялар - күнүнө 1 таблеткадан 2 жолу 7 күн бою;
  • ооз, мурун көңдөйүнүн, жогорку дем алуу жолдорунун, ички жана ортоңку кулакта өнөкөт борбор инфекциянын күчөшү - күнүнө 1 таблеткадан бир жолу 7 күн бою;

Пероралдык

Чоңдорду дарылоо үчүн:

  • жогорку жана төмөнкү дем алуу жолдорундагы дарттар – 1 таблеткадан 2 жолу 10 күн бою;

10 жаштан жогору балдарды дарылоо үчүн:

  • жогорку жана төмөнкө дем алуу жолдорундагы дарттар – 1 таблеткадан 2 жолу 10 күн бою;

Кыйыр таасири

Терс таасирлер катталган эмес.
Эгерде Сиз кандайдыр бир нускамада көрсөтүлбөгөн терс таасирлерин байкасаңыз, алар жөнүндө дарыгерге маалымдаңыз.

Ашыкча дозалоо

Ашыкча дозалоо учурлары катталган эмес.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Азоксимер бромиди CYP1A2, CYP2С9, CYP2С19, CYP2D6 изоферменттерин Р-450 цитохромун ингибирдешпейт, ошондуктан дары антибиотиктер, вируска каршы, грибокко каршы жана антигистаминдик дарылар менен, глюкокортикостероиддор жана цитостатиктер менен шайкеш келет.

Эгерде Сиз жогоруда көрсөтүлгөндөрдү же башка дары-дармектерди (алар менен бирге рецептурасыз) колдонсоңуз, Полиаксидонийди колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешиңиз.

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Аллергиялык реакциялар өрчүгөн учурда Полиоксидоний® дарысын колдонууну токтотуп жана дарыгерге кайрылуу керек.

Зарыл болгон учурда Полиоксидоний® дары дозасын дароо токтотсо болот, акырындык менен азайтпай эле.

Дары дозасын убагында колдонбой калган учурда, бирок кийинки доза кабыл алуу убактысы келип калса, күндөлүк режимде, нускамада көрсөтүлгөдөй же дарыгер сунуштагандай эле колдонот. Бейтап өткөрүп жиберген дозаны компенсациялоо максатында, эки эсе доза кабыл алынбайт.

Дарынын визуалдык көрүнүштөрү жараксыз болсо, аны колдонууга болбойт (таңгакчадагы дефект, таблетканын түсү өзгөрсө).

Автоунаа башкаруу жана механизмдер менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө таасири

Полиоксидоний® дарысы автоунааларды башкаруу, механизмдер менен иштөө жана башка жогорку концентрациядагы көңүл бурууну жана тез психомотордук реакцияларды талап кылган жумуштарга таасирин тийгизбейт (анын ичинде автоунаа башкаруу, кыймылдоочу механизмдер менен иштөө).

Чыгаруу формасы

Таблеткалар, 12 мг.
10 таблеткадан поливинилхлорид пленкадан жана алюминий фольгадан жасалган контурлуу уячалуу таңгакчада. Бир же эки контурлуу уячалуу таңгакча, колдонуу нускамасы менен картон кутуга салынат.

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл.
Жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин колдонууга болбойт.

Сактоо шарттары

2 ден 25° С га чейинки аба табында.
Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Чыгаруу шарттары

Рецептсиз.

Өндүрүүчү/Юридикалык, каттоо күбөлүгү берилген жактын аты

Каттоо күбөлүгүнүн ээси жана өндүрүүчү: ЖЧК «НПО Петровакс Фарм»

Юридикалык дареги / Керектөөчүлөрдүн арыз доолорун кабыл алуучунун дареги:
Россия Федерациясы, 142143, Москва обл., Подольск ш., Покров айылы, Сосновая көч., үй № 1, тел./факс: +7 (495) 926-21-07, e-mail: info@petrovax.ru;

Арыз доолор үчүн: тел.: +7 (495) 730-75-45, e-mail: adr@petrovax.ru

Өндүрүүчү / Фасовка (биринчи таңгактоо):
Россия Федерациясы, 115598, Москва ш., Загорьевская көч., 10-үй, 4-корп., тел./факс: +7 (495) 329-17-18.

Экинчи (керектөөчүлөр) таңгактоо / чыгаруу сапатын контролдоо:
Россия Федерациясы, 142143, Москва обл., Подольск ш., Покров айылы, Сосновая көч., 1-үй, тел./факс: +7 (495) 926-21-07.

Спрашивайте в аптеках Кыргызстана
  • Фармстор
  • Заман
  • Дармек Фарм
  • ЛЕКАРЬ
  • ФАРМАМИР
Заказывайте онлайн
Неман БиМедФарм
Продолжая пользоваться нашим сайтом, Вы даете согласие на обработку ваших cookie файлов. Мы используем cookie-файлы, для того, чтобы получать статистику в рекламных и маркетинговых целях. Вы можете отключить cookie-файлы в настройках браузера.
РУ: KG.3.3.229.07153-2019 от 13.12.2019
Задать вопрос
Ответы на часто задаваемые вопросы о препарате Полиоксидоний® можно посмотреть на странице https://polyoxidonium.ru/faq/
Если у вас возник нестандартный вопрос, пожалуйста, свяжитесь с нами.
Внимание! Обращение на сайт не является заменой консультации у врача.
Оставить отзыв о препарате Полиоксидоний®
Цена на препарат Полиоксидоний® в таблетках N10, 12 мг в интернет-аптеке «Аптека.ру»: 737 руб.