ИМЕЮТСЯ ПРОТИВОПОКАЗАНИЯ. НЕОБХОДИМО ОЗНАКОМИТЬСЯ С ИНСТРУКЦИЕЙ ПО ПРИМЕНЕНИЮ ИЛИ ПОЛУЧИТЬ КОНСУЛЬТАЦИЮ СПЕЦИАЛИСТА

Полиоксидоний® Детям

Для лечения и профилактики респираторных вирусных инфекций
Полиоксидоний® - победитель в номинации “Препарат выбора для лечения и профилактики ОРВИ и гриппа у детей” по версии Russian Pharma Awards 2018
Полиоксидоний® детям от 3 лет

ДАРЫ КАРАЖАТЫН МЕДИЦИНАДА КОЛДОНУУ БОЮНЧА НУСКАМА Полиоксидоний®

Соодадагы аталышы: Полиоксидоний®
Эл аралык патенттелбеген аталышы: Азоксимер бромиди (Аzoximeri bromidum)
Химиялык аталышы: сополимер N-кычкылдыгы 1,4-этиленпиперазин жана (N-карбоксиметил) - 1,4-этиленпиперазин бромиди
Дарынын түрү: кын ичине жана ректалдык суппозиторийлер
Бир суппозиторийдин курамы: Таасир берүүчү зат: Азоксимер бромиди – 6 мг же 12 мг;
Көмөкчү заттар:
маннитол – 1,8 мг, повидон К 17 – 1,2 мг, какао майы – 1291,0 (6 мг доза үчүн);
маннитол – 3,6 мг, повидон К 17 – 2,4 мг, какао майы – 1282,0 (12 мг доза үчүн).
Сүрөттөмөсү: ач сары түстө, какао майы менен бир аз өгөчө жыты бар, торпеда формасындагы суппозиторий.
Суппозиторийлер бирдиктүү болушу керек. Тилкесинде уюк сымал же өткөргүч сыяктуу терендетүүгө жол берилген.
Фармадарылык тобу: иммунду модуляциялоочу каражат.
АТХ коду: [L0З]

Фармакодинамикасы

Азоксимер бромиди комплекстүү: иммунду модуляциялоочу, дезинтоксикациялоочу, антиоксиданттык, орто сезгенүүгө каршы таасирлерине ээ.

Азоксимер бромиддин негизги механизми фагациттөөчү клеткаларга түз таасир бергендиги жана табыгый кыргычтарды (киллерлер), ошондой эле антигенге каршы заттардын жаралышына, интерферон-альфа жана интерферон-гамма синтезине түрткү берет.

Азоксимер бромиддин дезинтоксикациялык жана антиоксиданттык касиеттери негизинен дарынын түзүмдөрү жана жогорку молекулярдык түзүлүшү менен аныкталат. Азоксимер бромид организмдин резистенттүүлүгүн локалдуу жана генералдашкан инфекциялар бактериялык, мите козу карынмите козу карындык жана вирустук этиологиясына карата жогорулатат.

Кайталанма иммундук жетишсиздик абалда, ар кандай инфекцияларда, жаракат алганда, күйүктө, аутоиммундук ооруларда, жаңы пайда болгон залалдуу шишиктерде, хирургиялык операциялардан кийин кабылдап кеткенде, хирургиялык каражаттарды пайдаланганда, цитостатиктерди, стероиддик гормондорду пайдаланганда иммунитетти калыбына келтирет.

Азоксимер бромиди эрүүчү уулу заттарды жана микробөлүкчөлөрдү тосот, организмдеги уу заттарды, оор темирлердин тузун бөлүп чыгаруучу таасирге ээ, эркин радикалдарды кармоонун, ошондой эле каталитикалык активдүү Fe2иондорунун элиминациясынын эсебинен липиддердин кайчылаш кычкылдануусун ингибирлейт , Азоксимер бромиди цитокиндердин про- жана сезгенүүгө каршы синтезделишин нормалдаштыруусу менен сезгенүү реакциясын азайтат.

Азоксимер бромиди жакшы көтөрүмдүү, митогендик, поликлоналдык активдүүлүккө ээ эмес, антигендик касиеттери жок, аллергиялык, мутагендик, эмбриотоксикалык, тератогендик жана канцерогендик оор таасирлери жок.

Фармакокинетикасы

Азоксимер бромид суппозиторийи ректалдык колдонгондо жогорку биожеткилитүүлүккө ээ болот (70 % дан кем эмес), дары колдонгондон 1 сааттан кийин канда жогорку концентрацияга жетет. Жарым-жартылай бөлүштүрүү мезгили – 0,5 саат аралыгында, жарым-жартылай ажыроо мезгили – 36,2 саат. Денеде олигомерге чейин сууда эрийт, алар көбүнчө бөйрөк аркылуу бөлүнүп чыгат. Кумуляция натыйжасы жок.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Чоңдордун жана 6 айдан жогору балдарддын инфекциялык-сезгенүү ооруларын (вирустук, бактериялык жана мите козу карындык этиологиясы менен) алдын алуу жана дарылоо үчүн, оору күчөгөн жана ремиссия стадиясында колдонулат.

Дарылоо үчүн (комплекстүү дарылоодо):

  • өнөкөт кайталанма инфекциялык-сезгенме ооруларды, ар кандай чектөөдөгү бактериалдык, вирустук жана мите козу карындык этиологиядагы оору күчөгөн стадиясында;
  • урогениталдык сезгенүү ооруларында (уретрит, цистит, пиелонефрит, простатит, сальпингоофорит, эндомиометрит, кольпит, цервицит, цервикоз, бактериалдык вагиноздор);
  • өпкө кургак учуктун түрдүү формаларында;
  • аллергиялык ооруларда (алардын ичинде поллиноз, бронхиалдык астма, атопиялык дерматит), бактериалдык, мите козу карындык жана вирустук инфекциялар менен күчөгөн оорулар;
  • ревматоиддик артрит бактериалдык, вирустук жана мите козу карындык инфекциялары менен оордошкон, иммундук депресанттар менен узак дарылаганда;
  • айыгуунун (калыбына келүүнүн) жүрүшүн күчөтүү үчүн (сыныктарды, күйүктөрдү, бүтпөс жараларды);
  • онкологиялык ооруларды комплекстүү дарылоодо, химия жана нурлануу менен дарылоону жүргүзгөн мезгилде, дары-дармектердин нефро жана гепатоксиндүү таасирлерин азайтуу.

Алдын алуу үчүн (монодарылоо):

  • Урогениталдык жолдордун кайталанган герпатикалык инфекциялары
  • Инфекциялардын өнөкөт очокторунун оорлошуусун
  • Иммунитети төмөн адамдарда эпидемия алдындагы жана эпидемия мезгилиндеги сасык тумоо жана башка курч респиратордук инфекцияларды дарылоо
  • Улгаюуу же башка жагымсыз фаторлордун таасиринен козголуучу иммунитеттин кийинки жетишсиздиги

Каршы көрсөтмөлөр

  • Жекече жогорку сезгичтик;
  • Кош бойлуулук, бала эмизүү мезгили;
  • 6 айга чейинки бала курагы;
  • Курч бөйрөк алсыздыгы.

Этияттык менен

Эгерде Сизде бул бөлүктөгү оору болсо, дарыны колдонуудан алдында дарыгерге кайрылыңыз:

  • өнөкөт бөйрөк алсыздыгы (жумасына 2 жолудан көп эмес сунушталат).

Кош бойлуулукта жана эмчек эмизүү мезгилинде колдонуу

Кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдарга колдонулбайт (клиникалык колдонуу тажрыйбасы жок).

Полиоксидоний® дарысын жаныбарларга жүргүзүлгөн эксперименталдык изилдөөдө жаныбарлардын эмбриотоксикалык жана тератогендин таасири, түйүлдүктүн өсүшүнө таасири белгиленген эмес.

Эгерде Сиз кош бойлуу болсоңуз, же кош бойлуу болгуңуз келсе, же кош бойлуу болууну пландаштырсаңыз Полиоксидоний® дарысын колдонуудан мурун, дарыгер менен кеңешүү зарыл.

Бала эмизген мезгилде, Полиоксидоний® дарысын колдонуудан мурун, дарыгер менен кеңешүү зарыл.

Колдонуу жолу жана дозалар

Дарыны нускамадагы көрсөтмөлөргө ылайык, көрсөтүлгөн тартипте жана дозада гана колдонуңуз.
Эгерде дарылануудан кийин эч кандай жакшыртуу болбосо, же симптомдору татаалданса, же жаңы белгилер пайда болсо, дарыгерге кайрылуу зарыл.
Ректалдык жана кын ичине күн сайын суткасына 1 жолу, күн алыс же жумасына 2 жолу.
Керек болгон учурда дарылоо курсу 3-4 айдан кийин кайталанат.
Кайталап дайындалганда дарынын натыйжалуулугу төмөндөбөйт.

Препаратты колдонууга карата сунушталган схема

Чоңдорду дарылоо үчүн:

- ректалдык 1 суппозиторий суткасына 1 жолу, ичеги тазалангандан кийин;
- вагиналдык гинекологиялык дарттарда 1 суппозиторий суткасына 1 жолу (түнкүгө) жаткан абалда кындын ичине киргизилет.

  • өнөкөт кайталанган жугуштуу - сезгенүү ооруларында, оору күчөгөн стадияда - суппозиторий 12 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын 3 күн бою, андан ары күн алыс. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий;
  • курч жугуштуу процесстерде жана айыгуунун (калыбына келүүнүн) жүрүшүн күчөтүү үчүн (сыныктарды, күйүктөрдү, бүтпөс жараларды) - суппозиторий 12 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий;
  • гинекологиялык ооруларда - суппозиторий 12 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын 3 күн бою, андан ары күн алыс. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий;
  • урологиялык оорулар күчөгөн мезгилде (уретрит, пиелонефрит, цистит, простатит) - суппозиторий 12 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий;
  • өпкөнүн кургак учук формасында - суппозиторий 12 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын 3 күн бою, андан ары күн алыс. Дарылоо курсу - 20 суппозиторий. Андан ары кубатточу дарылоо жүргүзүлүшү мүмкүн, суппозиторий 6 мг дан жумасына 2 жолудан, 2-3 айлык курс менен;
  • онкологиялык ооруларда комплекстүү дарылоо химия жана нурдануу дарылоо жүргүзгөндө - суппозиторий 12 мг дан күн сайын, химия же нурдануу терапия башталардан 2-3 күнгө чейин. Андан ары 12 мг дан жумасына 2 жолу, дарылоо курсу 20 суппозиторий;
  • аллергиялык ооруларда, жугуштуу синдрому курчуганда – суппозиторий 12 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий;
  • ревматоиддик артритте - суппозиторий 12 мг дан күн алыс. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий;

Алдын алуу үчүн (монодарылоо):

  • жугуштуу өнөкөт инфекциялардын очогу, заара жолдорундагы герпетикалык инфекция менен күчөгөндө - суппозиторий 12 мг дан күн алыс. Курсу - 10 суппозиторий;
  • сасык тумоо жана КРВИ - суппозиторий 12 мг дан суткасына 1 жолу. Курсу - 10 суппозиторий;
  • улгайган натыйжасында пайда болгон экинчи иммунодефициттер - суппозиторий 12 мг дан жумасына 2 жолу. Курс – 10 суппозиторий, жылына 2-3 жолу.

6 жаштан 18 жашка чейинки балдарды жана өспүрүмдөрдү дарылоо үчүн:

6 жаштан 18 жашка чейинки балдарды жана өспүрүмдөргө суппозиторий ректалдык гана колдонулат, 6 мг дан 1 суппозиторий суткасына 1 жолу ичеги тазалангандан кийин.

  • өнөкөт жугуштуу - сезгенүү ооруларында, оору күчөгөн стадияда - суппозиторий 6 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын 3 күн бою, андан ары күн алыс. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий;
  • курч жугуштуу процесстерде жана айыгуунун (калыбына келүүнүн) жүрүшүн күчөтүү үчүн (сыныктар, күйүктөр, бүтпөс жаралар) - суппозиторий 6 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий;
  • урологиялык оорулар күчөгөн мезгилде (уретрит, пиелонефрит, цистит, простатит) - суппозиторий 6 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий;
  • өпкөнүн кургак учук формасында - суппозиторий 6 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын 3 күн бою, андан ары күн алыс. Дарылоо курсу - 20 суппозиторий. Андан ары кубатточу дарылоо жүргүзүлүшү мүмкүн суппозиторий 6 мг дан жумасына 2 жолудан, 2-3 айлык курс менен;
  • онкологиялык ооруларда комплекстүү дарылоо химиялык жана нурдануу дарылоо жүргүзгөндө - суппозиторий 6 мг дан күн сайын, химия же нурдануу дарылоо башталардан мурун 2-3 күнгө чейин. Андан ары 6 мг дан жумасына 2 жолудан, дарылоо курсу 20 суппозиторий;
  • аллергиялык ооруларда, жугуштуу синдрому курчуганда – суппозиторий 6 мг дан суткасына 1 жолу күн сайын. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий; ревматоиддик артритте - суппозиторий 6 мг дан күн алыс. Дарылоо курсу - 10 суппозиторий;

Алдын алуу (профилактика) үчүн (монотерапия):

  • жугуштуу өнөкөт инфекциялардын очогу, заара жолдорундагы герпетикалык инфекция менен күчөгөндө - суппозиторий 6 мг дан күн алыс. Курсу - 10 суппозиторий;
  • сасык тумоо жана КРВИ - суппозиторий 6 мг дан суткасына 1 жолу. Курсу - 10 суппозиторий;

Узак убакыт иммуносупрессивдүү дарылоо алган онокологиялык бейтаптар, нурданууга кабылган, АИВ – иммундук система илдетин жуктургандарга узак убакыт 2-3 айдан 1 жылга чейин Полиаксидоний препараты менен кубаттоочу дарылоо көрсөтүлгөн (чоңдорго 12 мг дан, 6 жаштан жогору балдарга – 6 мг дан жумасына 1-2 жолу).

Кыйыр таасирлери

Өтө сейрек: кызаруу, шишимик, перианалдык зонада кычышуу, кындагы кычышуу дарынын курам бөлүктөрүнө карата жекече сезимталдуулук менен байланыштуу жергиликтүү реакциялар болушу мүмкүн.

Эгерде Сиз кандайдыр бир нускамада көрсөтүлбөгөн терс таасирлерин байкасаңыз, алар жөнүндө дарыгерге маалымдаңыз.

Ашыкча доза

Ашыкча дозалоо учурлар катталган эмес.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Азоксимер бромиди CYP1A2, CYP2С9, CYP2С19, CYP2D6 изоферменттерин Р-450 цитохромун ингибирлейт, ошондуктан көп дары каражаттары менен, анын ичинде антибиотиктер, вируска каршы, мите козуц карынга каршы жана гистаминге каршы дарылар менен, глюкокортикостероиддор жана цитостатиктер менен шайкеш келет.

Эгерде Сиз жогоруда көрсөтүлгөндөрдү же башка дары-дармектерди (алар менен бирге рецептурасыз) колдонсоңуз, Полиаксидонийди колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешиңиз.

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Аллергиялык реакциялар өрчүгөн учурда Полиоксидоний® дарысын колдонууну токтотуп жана дарыгерге кайрылуу керек.

Зарыл болгон учурда Полиоксидоний® дарынын дозасын дароо токтотсо болот. Препараттын дозасын өткөрүп жиберген учурда, дарыны мүмкүн болушунча эртерээк кабыл алуу керек, бирок кийинки дозаны кабыл алуу убактысы келип калса, доза көбөйтүлбөйт.

Дарынын визуалдык көрүнүштөрү жараксыз болсо, аны колдонууга болбойт (таңгакчадагы кемтик, суппозиторийдин түсү өзгөрсө).

Унаа каражаттарын жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири

Полиоксидоний® препараты унаа каражаттарын башкаруу, механизмдер менен иштөө жана башка жогорку концентрациядагы көңүл бурууну жана тез психомотордук реакциялардын тездигин талап кылган иштер менен алектенүү жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизбейт.

Чыгаруу формасы

Кын ичине жана ректалдык суппозиторийлер, 6 мг, 12 мг.

5 суппозиторийден полининилхлоридден жасалган жукада контурлуу уячалуу таңгакчада.

Эки контурлуу таңгакча медицинада колдону боюнча нускамасы менен бирге картон кутучага салынат.

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл. Жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин колдонууга болбойт.

Сактоо шарттары

Кургак жерде, 2 ден 15° С га чейинки аба табында.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Берүү шарттары

Рецепти жок.

Өндүрүүчү/Юридикалык, каттоо күбөлүгү берилген жактын аты

Каттоо күбөлүгүнүн ээси жана өндүрүүчү: ЖЧК «НПО Петровакс Фарм»

Юридикалык дареги / Керектөөчүлөрдүн арыз доолорун кабыл алуучунун дареги:
Россия Федерациясы, 142143, Москва обл., Подольск ш., Покров айылы, Сосновая көч., үй № 1, тел./факс: +7 (495) 926-21-07, e-mail: info@petrovax.ru;

Арыз доолор үчүн: тел.: +7 (495) 730-75-45, e-mail: adr@petrovax.ru

Өндүрүүчү / Фасовка (биринчи таңгактоо):
Россия Федерациясы, 115598, Москва ш., Загорьевская көч., 10-үй, 4-корп., тел./факс: +7 (495) 329-17-18.

Экинчи (керектөөчүлөр) таңгактоо / чыгаруу сапатын контролдоо:
Россия Федерациясы, 142143, Москва обл., Подольск ш., Покров айылы, Сосновая көч., 1-үй, тел./факс: +7 (495) 926-21-07.

Спрашивайте в аптеках Кыргызстана
  • Фармстор
  • Заман
  • Дармек Фарм
  • ЛЕКАРЬ
  • ФАРМАМИР
Заказывайте онлайн
Неман БиМедФарм
Продолжая пользоваться нашим сайтом, Вы даете согласие на обработку ваших cookie файлов. Мы используем cookie-файлы, для того, чтобы получать статистику в рекламных и маркетинговых целях. Вы можете отключить cookie-файлы в настройках браузера.
РУ: KG.3.3.229.07153-2019 от 13.12.2019
Задать вопрос
Ответы на часто задаваемые вопросы о препарате Полиоксидоний® можно посмотреть на странице https://polyoxidonium.ru/faq/
Если у вас возник нестандартный вопрос, пожалуйста, свяжитесь с нами.
Внимание! Обращение на сайт не является заменой консультации у врача.
Оставить отзыв о препарате Полиоксидоний®
Цена на препарат Полиоксидоний® в таблетках N10, 12 мг в интернет-аптеке «Аптека.ру»: 737 руб.